туугандык
- Адамдар ортосунда бир туугандык байланыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Испандакы Ачахан, / Кайраты көптү жапырган, / Энеси тажик деп угам, / Туугандыгын мен жазсам, / Төөлөрүңдү сен жазсаң, / Турбай келет эки хан, / Ким албасын олжосун, / Колго тийсе кыргыздан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыраңдан ары ашпагын, / Жарым карыш баспагын, / Таласка барып калганың, / Айыктырып алгыла, / Айкөл Манас арстаным, / Эмчектеш Сыргак, эр Серек, / Бирине-бири күйбөсө, / Туугандыгы не керек?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арчы кишиң болойун, / Бакайга кылып кеңешти, / Каныкейге угузуп, / Сары ханга туйгузуп, / Семетейди сен үчүн, / Алып келсем болобу, / Экөөң карын бөлөсүң, / Туугандык кылса Семетей, / Урматын анын көрөсүң, / Абама бара калайын, / Айтып кабар салайын, / Туугандык кылса Семетей, / Алып келе калайын, / Душмандык кылса тил албай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сезип болду Сомбилек, / Серпилип баатыр унчукпай, / Ичинде турат жымыйып, / Сыр алдырып туйгузбай: / Аталаш бизде туугандык, / Энебиз башка болсо да, / Бир кишиден туулганбыз, / Эки башка чоңойуп, / Билише албай курганбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Туугандыгым билдирип, / Озунуп айттың саламды, / Олжо алам деп келбедим, / Каңгайды жеңди дегенде, / Сүйүнгөндөн келгемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →