тууган

китептерде 443 жолу, 10 китепте
  1. Ага-ининин балдары, бир атанын балдары, бир уруудан таркаган адамдар.
  2. Агайын, жолдош деген мааниде кайрылуу иретинде айтылуучу сөз.
  3. өт. Жакын, жолдош, дос.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачадан кеп угуп, / Кайненеси баатырдын, / Эркек бала тууганын, / Сүйүнчү деди перилер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…легер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Айласы кеткенде сууга өзүм түшөйүн, бир тууганымдан ажыраганча, өлгөнүм жакшы деп сууга түшмөкчү болгондо атына тил бүтүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →