тутумдаш

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Чогуу бир бүтүнгө кошулуу, биригүү, уланышып туташып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрүшүп Сынчыбек менен, / Кеңешти Бакай зор менен, / Ташкент менен Анжидан, / Бир тутумдаш жер экен, / Сен башкар деп Сынчыга, / Таштап кеткен кеп экен, / Тоодой болгон Сынчынын, / Ордосу Кокон калаада, / Ташкенди кошуп сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баарыга бу сөз эп келип, / Макул болуп баарысы, / Бакай,Кошой - карысы, / Жантөшкө келди жабылып, / Жарлык кылды жалпыга, / Жайдары Алмаң бышыктап, / Жайыкта үнү жаңырып: / — Жантөштүн жери кең эле, / Жайылып жаткан туш-тушка, / Тутумдаш такыр эл эле, / Бирөөнө барып балан деп, / Тийишпегиң дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күнү түнү алтымыш, / Санаты ошондой күндөрдө, / Аттан түшпөй мол жүрдү, / Тутумдашкан кара тоо, / Тоо түгөнүп түз болду, / Жол айрылып үч болду, / Күндү санап алмагы, / Семетейге күч болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →