туткун

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Согуш учурунда колго түшкөн жоокер, колго түшүрүп алынган жоо тараптын адамы.
  2. Душмандын колуна түшкөн абал, жоо тараптын колуна түшүү абалы.
  3. өт. Көз каранды, эрксиз абал, эрксиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эми келип туруптур, / Качты кулум уккун, деп, / Буйрук кылдың, Кубатай, / Шоорук ханды туткун, деп, / Чабышып жүрсөк экөөбүз, / Чигитей болду арачы, / Кишиде сырттан неме экен, / Ал Манастын баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мына бу турган кырк бала, / Ханым, сиздин дагы балаңыз, / Туткунга түштү дегенде, / Түгөнгөн биздин чарабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылжыке кызың өзү айтат, / Карадөөнүн колунда, / Туткун болуп мен жаттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Абактыда жатып зарыккан туткундай ичиң бышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо жин перинин падышасына үч жыл туткун болгон көөдөнү адам, көчүгү куш киши кара кушка: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →