тутам

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Колдун бармагы бир жагынан, башка төрт манжасы экинчи жактан имерилип келип кармаганда алардын ичине толтура камтый кармалган нерсенин өлчөмү.
  2. Тутамдап кармаганда муштумдун бийиктигине барабар келген узундук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдирип, / Илбээсинди бүлдүрүп, / Шумкар салып, куу алып, / Ак сакалдуу карыга, / Тартуу кылып алпарып, / Алып барган азамат, / Айры өркөчтөн төө алып, / Азуусу тутам ат алып, / Баланчага куу тартып, / Төө жетелеп, ат минип, / Келатам деп мактанып, / Айу кармап алганы, / Ээрин тетир токунуп, / Ырысы качкан немеси, / Жарак ас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чоролорун Манастын, / Чогуусу менен тутам, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чылбырынан кармаса, / Тутам эмес кучакка, / Бата албайт чылбыр караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арка буту жез билек, / Тутам шыйрак чаалыкпас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир, эки тутамдай ышкыныбыз бирдемесинен айыпталып өтпөй калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →