тут1
- Кол менен кармоо, кармап алуу.
- Кабыл алуу, макул кылуу, кабыл алып, ошол тартипти көз карашты ж.б. сактап жүрүү.
- Пайда боло калуу, кармай түшүү, келе калуу.
- Белгилүү бир абалда кармоо, сактоо.
- Башка бир катар сөздөр менен айкалыша келгенде ошондой көрүү, ошондой деп эсептөө маанисин билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еги, / Талабыма жетем деп, / Таталаган бул айбан, / Барар жайга кетер деп, / Манастап баатыр бакырды, / Өрттөй көзү кызарып, / Өрдөктөй мойну узарып, / Оозунан тутун буу жанып, / Муштап өттү Калдаңды, / Жаба койуп түпөккө, / Найзанын учу кандалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Угулду, кыргыз, кабарың, / Чыдап үйдө жаталбай, / Мен чыгып келдим атайын, / Караан тутуп ал экөө, / Ээрчип келе жатыптыр, / Эминесин айтайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чойун алп кетти кутулуп, / Темирбек калды өлүмгө, / Бурула албай тутулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп, ошентип Канчоро, / Семетейге айтты эле, / Канчоро кебин укту, дейт, / Кубаттап аны тутту, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →