турук1
- Туруучу жай тура турган, жашай турган жер, турак.
- Туруктуулук, бекемдик, өзгөрүп кетпөөчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көлдүн жээги туругу, / Шаарын бузуп талкалап, / Өрүштөгү малды алып, / Казынада зардалып, / Малабектин көп дүйнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак балта хандын Чубагы, / Акылдашы, ынагы, / Үзүктөй калпак эр Шууту, / Мына бу турган эр Матан, / Ал Шуутунун тукуму, / Атагы Лопнур болсо да, / Черченде болгон туругу, / Черченде төлдөп көбөйгөн, / Жибек курттун уругу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муну угуп Кошойдон, / Оолуга сүйлөйт Оронгуң: / — Кангай болот урунгум, / Эсен хан менен кеңештеш, / Чоң Бейжин болот туругум, / Кыргыздын ханы сен болсоң, / Кангайдын ханы мен болом, / Мен да кары, сен кары, / Менден улуу сен дагы, / Көрүнүп турса билбейсиң, / Бер жагыңан нар жагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда бала сүйлөдү, / Өз жөнүнөн кеп ачып: / — Мусапыр болуп, Акебай, / Жүрүптүрсүз жөө басып, / Өзүм кыргыз элинен, / Туругум Кеңкол жеринен, / Атамдын аты Торсолдой, / Ыйлап жүрүп өзүнчө, / Сокур болду көрө албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →