турна
- Узун моюндуу, узун буттуу чоң саз кушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көпкүлөң тарткан боз балдар, / Эригип үйдө жаталбай, / Сазды бойлоп куш салып, / Өрдөк, чүрөк, каз алып, / Каркыра,турна, тоодакты, / Ителгиге тептирип, / Кекилик, чил, кыргоолду,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Турна деген бар эле, / Тил-оозу бар бала эле, / Төрт киши кошту ага эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ардыгы абдан чыккан соң, / Алмамбетке Кожаалы, / Айтты сөзү бул болуп: / — Сен кеткени Алмамбет, / Коңурбай менен Мурадил - / Эки чочко мар болуп, / Алганың Турна жүрчү эле, / Алмамбет, сага зар болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балдарды тегиз мингизип, / Суулукка суулук тийгизип, / Каркыра, турна көк желе, / Как ошондой тизишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Ат арытып тон жыртып, / Ала качкан кызды издеп, / Аттанып чыкты Семетей, / Муну мындай койуңуз, / Ат эсебин алыңыз, / Калдуу кызыл жалдуу көк, / Тумарлуу кызыл Турнакөк, / Токтонбайдын Торала, / Токо бийдин Бозала, / Текечинин Темиркөк / Тердебеген Көкала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →