туман

китептерде 149 жолу, 9 китепте
  1. Абада суу буусунун көбөйүп кетишинин натыйжасында, атмосферанын төмөнкү катмарында пайда болуп, боз чалган сыяктуу айлананын көрүнүшүн начарлаткан абадагы суу буусунун жыйындысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аңгыча каптап көп кошуун, / Кулак тунган чуу болуп, / Ат тери менен эр тери, / Жөө тумандай буу болуп, / Чойун алп качып жоголуп, / Көпчүлүктү аралап, / Манастын уулу Кененим, / Эр көкүрөк эрениң: / “Каптап келген калмакка, / Карбалас кыргыз кошулар, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…төй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кеби… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карга, кузгун жол бербей, / Кызыл канга чогулуп, / Кызык болду Кеңколго, / Ортого дары төгүштү, / Эки тарап ошондо, / Сасык туман кетсин — деп, / Карга, кузгун жоголуп, / Жер ордуна келсин — деп, / Отту койуп ийишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →