тумак

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Кандайдыр бир тери ичтелип жасалган жумшак, кулакчындуу жылуу баш кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Козубек, / Олуйалар колдо, деп, / Күлчоро, Хотен тоосунда, / Ушу бүгүн жөлө деп, / Аңгычакты Йобалы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке кар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Койгулашып беттешип, / Кой эти бышым болгондо, / Такыр башты тумактай, / Сайып өттү ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куйалы кетти тумактай, / Алдындагы жел жетпес, / Бута атым кетти улактай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кирген кезде жоголуп, / Бара түшүп оңолуп, / Ортосуна барганда, / Алы келбей калганда, / Сарала ат акты улактай, / Алмамбет барат тумактай, / Салаңдай түшүп Алмамбет, / Суулуктагы төнөлүк, / Сол бармагын өткөрүп, / Ит балдак уруп алыптыр, / Сараланы жетелеп, / Кашатка чыга калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жаңы төрөлгөн балам бар, ошого тумак чыгар, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →