тулуп
- Музоонун, эчкинин туюк союлган терисинен жасалган баштык, идиш, териден жасалган баштыкча.
- Музоонун туюк союлган териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…есиңби сен өзүң, / Башыңдан өткөн ишиңди, / Куйкаңды тилип туз куйуп, / Унутулгусуз иш кылып, / Таманыңа шиш кагып, / Тырмактарың жок калып, / Бүткөн бойуң көк тулуп, / Көкүрөктө тынуу бар, / Ооз-көзүңдүн дайны жок, / Тааныбай киши жатканда, / Айыктырган Мөңкөтай, / Аттардан ылгап карматкын, / Мен да кошо барамын, / Катыны …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →