тулум
- Эркектердин артын карай өрүлгөн төбө чачы. Кээде айдар көкүл маанисинде да айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күндүзкүсү баатырды, / Жолборстун тулум териге, / Куландын сүтүн толтуруп, / Ошол сүткө салынат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адылбекти баргын, деп, / Балта дөөгө чаптырат, / Үйгө кирип Жакып бай, / Тулумду жерден алдырбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бала эмес, тулумдан / Эгиз күчүк табышты, / Ичинен сууруп алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келе калып эсине, / Тиктеп турат чекийе, / Эми кулак салыңар, / Эр Көкчө сөзүн угуңар: / — Баштабайт катын элимди, / Башынан билем эбиңди, / Айыргалы келипсиң, / Алмамбет арам эриңди, / Тулумчалап серкедей, / Сойбосом сенин териңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куу тулум асып мойнуна, / Ай ааламдын баарысын, / Нан тилетип кыдыртам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →