тулку
- Бүткөн бой, бүткүл дене.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңылап келген кытайдан, / Кыйгактуу найза колунда, / Кыргыз эмес кылымды, / Жалгыз алыш ойунда, / Көпкөк темир кийинген, / Турган тулку бойуна, / Күчүн-күчкө улаган, / Өчүгүшкөн душманы, / Капылет өлүп сулаган, / Калжаңдатып тулпарын, / Кан бойогон найзачан, / Каңгайлап ураан чакырып, / Майданг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Асып койгон Дабытай, / Өлгөн эмес өзү сак, / Найза тийбей эти сак, / Тулку бойу такыр сак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айдаркандын эр Көкчө, / Айбаты жандан бөлөкчө, / Коңур кесип баш алды, / Тулку бойу тен калды, / Буудайык хандын Музбурчак, / Бурулбай кетти бул дагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги какшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баатырдан зардап көргөндө, / Тулку бойдон бузук кан, / Бүт куйулуп агыптыр, / Туурасы толуп тултуйуп, / Ат көтөрбөй калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →