тулга

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Казан асууга ылайыкталып үч бурчтук же тегерек формада жасалган үч буттуу темир алкак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айлана курчап тулгадай, / Үч тараптан кирели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тулку бойум бүт жара, / Тулгадай башта бир жара, / Кара бойдо миң жара, / Кара башта бир жара, / Кыйрады окшойт бүтүн жок, / Катары менен кабырга, / Кара бойум какшады, / Каражан амал таппады, / Мен силерди чакырдым, / Билгенимди айтканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Болду чала кулга, деп, / Мойнунан илгин тулга, деп, / Буга окшогон кытайдын, / Жатар жери жылга, деп, / Атышкан жоого барбастан, / Жасатым жерден албастан, / Шашкалаңдуу күн болсо, / Таштап атын жөнөр дейм, / Жайбаракат күн болсо, / Туз көмгөндөй көмөр дейм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тулга кеткен артына, / Казандай болгон кара баш, / Сооттон чыгып жылаңач, / Орто карта боз үйдөй, / Оңолуп кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Казан асып, кар салгын, / Отун алып, от жаккан, / Тулганын боору карарган, / Үй башына бирден бээ, / Камдап жүргүн баары адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →