тулаң

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Көдөө, жыш калың, чыккан бетеге чөп, куурайсыз чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ртканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күр болуп жаткан тулаңы, / Көз байланаар маалы, / Жетөгүзгө барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бетеге менен туланы, / Белден чыгып буралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тулаң "өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да, досчулук да жок турбайбы" деп ачуусу келет: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →