тул
- Өлгөн адамдын колдон жасалган сөлөкөтү (эри өлгөн аял эринин кебетесине окшоштуруп жыгачтан тулку жасап, ага өлгөн күйөөсүнүн чапанын жаап, үстүнө анын баш кийимин коюп, көшөгөгө тартып бурчка отургузуп ашын бергенче сактоочу сөлөкөт).
- этн. Өлгөн кишинин боз үйүнүн түндүгүнөн чыгарылып же үйүнүн оң босогосуна байланган кара чүпүрөк же куйрук.
- Күйөөсү өлгөн аял, жесир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Далай катын тул болот, / Нечен жигит кул болот, / Эгин чыкпай аз болот, / Элдин көбү ач болот, / Күлкүдөн ый көп болот, / Күн күркүрөп жаан жаабай, / Аркырап шамал көп болот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атам ооган парс эли, / Энем кыргыз кызы экен, / Ошондон тулган мени деп, / Айтып жүрөт элдерим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алмамбет карап токтоду, / Алмабаш мылтык октолуу, / Алмадай башын ашырып, / Тула бойун жашырып, / Милтеге кызыл чок койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
элдин чыгарды, / Далай баатыр кулады, / Бейажал өлүп букара, / Бекеринен сулады, / Атасынан ажырап, / Жетим балдар чуулдады, / Алганынан ажырап, / Нечен катын тул калды, / Кете берсем болду деп, / Эки күн өтүп арадан, / Эң алдында ханды жейт, / Андан калган барды жейт, / Адамды жеп түгөтүп, / Калганында малды жейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ордунан турду оңдолуп, / Ооруган жердин тайны жок, / Тула бойу соо болуп, / Мана минтип бирдемде, / Маңдайда шору жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →