тукур2
- Айдактоо.
- өт. Бирөөгө каршы көкүтүү, кайраштыруу, колтугуна суу бүркүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кыргыздын билбей амалын, / Чыгыштагы беш урук, / Кыргыз менен казактын, / Алыптырсың малын кууп, / Аз келгенсип аныңар, / Маңгыт менен ооганга, / Кат жазыпсың тукуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бардасы башка баланын, / Жүзүн киши көрбөгөн, / Көзү көргөн каранын, / Обдулуп турган тигиге, / Эми айткан кебин карагын: / — Алике менен Сатике - / Эки чыйрак келгиле, / Эчтемени элебей, / Кулдарыңды тукуруп, / Кармап ургун дедиң, ээ?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сен кайдан чыккан тентексиң деп жакшылар, бир тобун тукуруп ургузуп коюптур» деген кеп угулуп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп "эки бакыр, бир тукур" болуп оокат кылышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →