туз1
- Мүнөздүү ачуу даамы бар, тамакка татылуучу, кристалл түрүндөгү зат.
- өт. Жанга тийген сөз, чымчып сүйлөгөн же какшык түрүндө айтылган сөздөрдүн куйкумдуу мааниси.
- Ар кандай заттардын химиялык бирикмеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Иниңди баккын урматтап, / Кызыңды баккын кымбаттап, / Элиңди баккын туз актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Таластан ичкен туздарын, / Актаганын билсин, — деп, / Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “И…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эмчегин берген Каныкей, / Торпокко салып кардадың, / Эмип кетсе бир торпок, / Какжаңдатып сабадың, / Ыраспы жалган иштериң, / Кантип тузаа табасың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайыберен, кырк чилтен, / Алып кетти окшонот, / Ичкен тузга кас кылдың, / Как ушул мендей болорсуң, / Өлбөй жаным болгондо, / Акыры бир күн оңдормун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →