тузак
- Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак.
- өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аны менен жай жатпай, / Кызыл-Кыйа сагаага, / Коңурбай тузак курганы, / Өзү түшүп тузакка, / Күлчородон кулады, / Коңурбайды жеңди деп, / Семетейге ат калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Калмактардын Уушаңы, / Жердин бетин тордогон, / Жайылган мунун тузагы, / Калмактардын тунугу, / Келип турган бу дагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоңду жектесем, / Укканын айтса чынбы деп, / Тузак таап кебин кептесем, / Чойтолоң ойлоп калат го, / Өлөм деп мындан кетпесем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Карабай менин тузагыма түшкөндө "эмне алсаң, ал" деди эле, эми малынан сурап алайын, – дейт чал малчыларга.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →