тубар2
- Төлдөй турган, тууй турган (малга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Алтын саптуу айбалта, / Алдында тубар жан калта, / Кабылан жазган кагазды, / Капчыктан сууруп алды эле, / Безетин жыртпай кош колдоп, / Ажыкең суна калды эле, / Катка көзүн салды эле, / Айагына чыкканда, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Бир далай туруп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…киши элең,, / Сейтек толсо сыныңа, / Элиң менен шаарыңды, / Энчисине кызыңдын, / Кошуп бергин баарыңды – / Айабагын малыңды, / Алтын, күмүш, зарыңды, / Торгун, тубар, дуудунду, / Суусар, булгун, буулумду, / Сүлөөсүн менен кундузду, / Колуңан келсе кошуп бер, / Асмандагы жылдызды, / Айкөл шердин тукуму, / Айабагын бир кызды”…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жуурканына жайдырган, / Жибектен кылган тубарга, / Калды бекен арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атаңды көрү шум дүйнө, / Беш кубулат бир күндө, / Маңгыттан калган мал-пулдан, / Алтын, күмүш-зарынан, / Торгун, тубар, буулумдан, / Сүлөөсүн, суусар, булгундан, / Ар бир сонун буруудан, / Токтобой көзгө кубулган, / Олжо алсак экен, деп, / Опколжуп калды келген эл, / Аркасынан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →