тоң2
- Үшүү, сууктан муз болуп катуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бул экөөн көргөн кишинин, / Кең дүйнөсү тар болуп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагына кар болуп, / Алып көнгөн бул экөө, / Ачык жолу шар болуп, / Эр азамат кармачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ан-жаныбар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Каныкей андай дегенде, / Ачуусу келип Канчоро, / Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, / Бели катуу эр чоро: / «Буурул атты минбедим, / Буулум тоңду кийбедим, / Ар качандан бир качан, / Абам менен Каныкей, / Гулчорочо көрбөдүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →