тоң1

китептерде 62 жолу, 10 китепте тоң 2 →
  1. Муздаган, муз болуп калган, суук кармап катуу болуп калган абал.
  2. Быша элек, бышып жетиле элек.
  3. Ийкемдүү эмес сүйлөшүүгө, мамиле жасоого эптүү эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бул экөөн көргөн кишинин, / Кең дүйнөсү тар болуп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагына кар болуп, / Алып көнгөн бул экөө, / Ачык жолу шар болуп, / Эр азамат кармачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ан-жаныбар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Каныкей андай дегенде, / Ачуусу келип Канчоро, / Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, / Бели катуу эр чоро: / «Буурул атты минбедим, / Буулум тоңду кийбедим, / Ар качандан бир качан, / Абам менен Каныкей, / Гулчорочо көрбөдүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →