тоту

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Тропикалык өлкөлөрдө жашоочу жүнү кооз, кээ бир сөздөрдү окшоштуруп кайталоого жөндөмдүү куш.
  2. Жапызыраак келген, кичинекей тибет тукумундагы ат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йбичелер чалкайып, / Басып турат айылда, / Жубандары залкайып, / Алганынын жанында, / Кыздары үкү сайынып, / Бооруна шуру тагынып, / Саамайын талдап таранып, / Тоту куштай сыланып, / Он бештен чачы тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тозу менен тоту куш, / Башка жерде аз болот, / Бейжинде арбын эки куш, / Учуп чыгып топтошуп, / Токойдо кыргоол оттошуп, / Бар жанды туурап өзүнчө, / Чакчагай үнү угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Акылы артык Айчүрөк, / Ак тотудай кулпунуп, / Күлө карап кеп айтат: / — Ажыке, айтчы — деп айтат, — / Карындашың Чүрөктү / Чынкожо менен Толтойго / Бермек болуп келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →