тос

китептерде 580 жолу, 10 китепте
  1. Алдын тороо, жол бербөөгө аракет кылуу, тоскоолдук кылуу, бөгөт болуу, кайруу.
  2. Тоскоол коюу, дубал, тосмо менен курчоо, бөгөт коюу.
  3. Карама-каршы кармай берүү, карама-каршы абалга коюу.
  4. Күтүү, күтүп алуу, каршы алуу, кабыл алуу; жолун кароо; алдынан чыгуу.
  5. Баланы түзгө отургузуу үчүн кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Моңгулдар барып колбушуп, / Жанай чыгып жол тосуп, / Кырылышып кайран эл, / Кан агызып кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чапкан балта кескени, / Бир жагында каалгасы, / Томкорулуп кеткени, / Тостуруп койгон кишилер, / Токтоо кылбай жеткени, / Тобун бузбай Кененим, / Тоздуруп тонун өткөнү, / Мен-мендеп киши келе албай, / Көрүп турган Дабытай, / Кол салышып ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп эр Сыргак, / Ойуна алып өлөрдү, / Алдына тосо жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →