тору
- Кызгылт күрөң түстөгү, куйругу менен жалы кара (жылкынын өңүнө карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →