торо
- Алдынан утуру чыгып жолун тосуу, торгоо.
- Тооруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолумду тосуп торопсуң, / Башкалардай ойлойсуң, / Жоодуратпай Акешен, / Жолго сени сойбосом!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, / Тороңдошуп чуу койду, / Качкынды кармап берем, деп, / Көптүн ичи чуу болду, / Үйүнө барып Тапан хан, / Ойлогону бу болду, / Сүйлөшкөлү кыз менен, / Чин акылы токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ат менен койуп жарышып, / Этектен түрө кармашып, / Бастырбай жолун торошуп, / Үзөңгү боодон өткөрүп, / Ээр кашына орошуп, / Аттары тартпай шалактап, / Үстүндөгү ээлери, / Тилдери карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тороп алдын тогошор, / Толтойдо эми каруу жок, / Эрен Гүлүс Толтойдун, / Эрдигине салды от.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →