торго
- Алдынан тороп тосуу, алдыга басууга, жүрүүгө мүмкүндүк бербөө, жолтоо болуу, тоскоолдук кылуу.
- өт. Жармашуу, илээшүү, чырмоо, тооруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Торго алсак деп буларды, / Маңгыттардын аскери, / Жабыла жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ң менен беттешип, / Кутурган кыргыз Чигитей, / Андан кийин жолго сал, / Өлтүрбөй туруп бу кулду, / Жер каздырып орго сал, / Алып барып шаарыңа, / Жетимиш темир торго сал, / Айттырып каңгай, кытайга, / Арасында таңгыт бар, / Ошол элден соога ал, / Андан кийин бу кулдун, / Анан башын кесе сал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Торго түшүп тордолуп, / Колу- буту байланып, / Жалдырап баатыр турганда, / Эр Кененим көк жалды, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Чөбүрөшүп жатканда, / — Келе бери арка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →