топо

китептерде 145 жолу, 7 китепте
  1. Топурак.
  2. Мүрзөнүн топурагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган немедей, / Жерди жыртып салышты, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Салып жетип барышты: / — Шер Сейит… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип айтканда, / Ачуусу келип Канчоро, / Алы жок турган немени, / Жалпагы менен балтанын, / Далыдан ары чапканда, / Үстөмөндөп жыгылып, / Мурдуна топо тыгылып, / Оозунан каны куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →