тоот
- Теңине алып көңүл буруу, теңсинген же теңсинбеген мамилесин билдирүү, кандайдыр бир таасирди сезүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастын уулу Семетей, / Кийин чыккан эрлерди, / Түк койбоптур кенедей, / Эми мында келиптир, / Өзүңүздү баш кылып, / Бучкагына теңебей, / Бендеби деп бейлебей, / Адамбы деп элебей, / Аскери көп немедей, / Тоотпой жатат ченебей…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бириңди жүрү дебеди, / Баардыгын басты бооруна, / Тоотпогон бир кеби.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кандай, / Зыркырап сөөгү какшады, / Тарткылашкан найзаны, / Беркерге калды баштагы, / Одурайган Тапактын, / Оолукканын айтайын: / — Алыстан келген сен Сейит, / Тоотпойсуң керсейип, / Мен Тапактан өлөсүң, / Жерге кирип тепселип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп, жанымда турган кара сакалдан сурап калдым эле, ал мени тоотуп ошо замат жооп бере койгон жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал кыргоолду кылтактайт, музду бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун жанын чыгарып жок кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →