тоору

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу.
  2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Табарсыгы кан какшап, / Эр жигиттик белгиден, / Тамчы-тамчы кан агат, / Ошондой кесел тооруса, / Канткенде тирүү жан калат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Килден жууруп Манастын, / Жасатын таштан катырды, / Бакайдан башка жан билбейт, / Далдаа жерге каттырды, / Ушинтип кайран Каныкей, / Бар жумушун так кылды, / Баткалы күнү алаштын, / Шайы кетти Манастын, / Жарасы зылдап ооруду, / Жай бербей ажал тооруду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир бармагым тиштесем, / Тиш тийбеген жана ооруйт, / Ойлоп көрсөм бул ишти, / Он манжамдын баары ооруйт, / Эки жагы тепе-тең, / Ажал башты не тооруйт?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайдары Манас ооруган, / Жаман өлүм тооруган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Калганыбыз союп жаткан малдын кан-жинин аңдып турган иттердей, анда-санда көзүбүздүн кыйыгын салып коюп, ушул чөйрөдөн кетпей тооруп отурабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →