тоо

китептерде 956 жолу, 10 китепте
  1. Айланадагы жерден же дөңсөөлөрдөн алда канча жогору көтөрүлүп турган бийиктик.
  2. Кандайдыр бир нерселердин көп болуп чогултулган, үйүлгөн абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →