толук
- Эткээл, семиз, толмоч.
- Жетиштүү, кем эмес, кемчил же чала эмес, бөксө же аз эмес, толуп турган, жетилген.
- Бүт, бүт бойдон, бүтүндөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадыбекте акыл аз, / Өзү толук Чигитей, / Баатырлыкка болуп мас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баражатып Саламат, / Баспай турду токтолуп: / — Ачакан кетип калганбы?, / Испанына барганбы, / Эп келсе, баатыр сөзүбүз, / Барып калса келер жыл, / Олжосун толук алалы, / Шаарына барып алганда, / Жекелешкен Ачакан, / Аттан түшүп калганда, / Кол куушуруп калган эл, / Жан соогалап турганда, / Пейлиңиз сиздин кең эле, / Бе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «А, баракелде, Канчоро, / Кайраты толук,эр чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →