толо

китептерде 39 жолу, 10 китепте
  1. Толук, толтура, толгон, бүт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колун сунуп кол артып, / Көзүн ачып сөз артып, / Табышып элге боло элек, / Акылы келип ордуна, / Он сегизге толо элек, / Жоготолу жаш кезде, / Баш көтөртпөй тебээлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тетиктүү жолду таппасак, / Теңинен тосуп жатпасак, / Аргыган шамал-жел келет, / Агызып кетер сел келет, / Кыйан келбейт, эл келет, / Кыйамат салар эр келет, / Булут келип чүмкөлөт, / Жарык күнүң бүркөлөт, / Туман каптап боз болот, / Ачып көздү жумганча, / Токсон илек кол толот, / Анда айла не болот?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дегеле болбой көөнүм жай, / Мен элимди эстесем, / Ичке толот кайгы-зар, / Жамбашка жасап тааратты, / Мана мындай болдум кар, / Көөнүмө кайгы толуптур, / Иш оңунан кетээрде, / Канаттууну биздерге, / Жолуктуруп койуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Күн батарга жакын чыгып, жылдыз толо Мамирмазиндикине келдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Болбогондо хан уруш ачты, быйыл жети жыл толот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →