токту
- Козудан өтүп калган кой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күздүн күнү болгондо, / Куйруктуу токту жедирбей, / Хан Акундун элине, / Кордукту кылды мамындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Жакшы-жаман кеп кылбай, / Малымды алар бекендеп, / Кочкору менен соолугун, / Чаририк менен боругун, / Шаа мүйүздөн эркечин, / Эки тиште серкесин, / Койу жогу токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →