токто

китептерде 864 жолу, 10 китепте
  1. Кыймыл-аракетти, алга жылууну үзүү, жүрбөй калуу, ордунан козголбоо, жылбоо, ишти жүргүзбөй, улантпай коюу.
  2. Бир жерге убактылуу байыр алып туруу, түнөө, конуу.
  3. Бир жерге токтолуу, чогулуп туруп калуу, орунтуктап калуу.
  4. Өлүп калбоо.
  5. Боозуу (малга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Токтоно албай Чынаача: / — Жүз элүү миң эл барсың, / Бириң калбай каптагын, / Алың келсе байлап ал, / Тоодой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жум… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →