токой

китептерде 223 жолу, 10 китепте
  1. Бак-дарак көп жана калың чыккан чоң аянт.
  2. Суулардын, дарыялардын, көлдөрдүн жээгиндеги жана саздуу жерлердеги камыш аралаш чыккан калың бадал, бадал өсүмдүктөр жыш өскөн жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аса, / Кыйар менен, Чигитей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жаты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Иттер келип такымдап, / Жырып кетти эттерин, / Караган-бута, токойлор, / Жарып кетти беттерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылым бурут, ушул журт, / Канаттуу уйа сала албас, / Караңгы токой чер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Менден токой күчтүү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →