той2

китептерде 520 жолу, 10 китепте той 1 →
  1. Тамактанып, азыктанып ачкалыгын басуу, кардын тойгузуу, канааттанганча тамактануу, жеп-ичүү.
  2. Бир нерседен же бирөөдөн жадоо, аша кечүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылбаса ал чогоолдук, / Таласка киши бастырбай, / Тойгузбай туруп кыргызга, / Хотен, Жерген, Кашкарды, / Турпан, Комул буларды, / Лопнур, Азык аларды, / Өзүбекти жоготуп, / Биз кылмакпыз каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыңк эткен бенде болбоду, / Бакай айткан болгону, / Эшикке чыгып Керменбай, / Элге угузуп койгону, / Эки күнү той болду, / Күн саны үчкө жеткенде, / Канчорого ой болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →