тозоң

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Абада көтөрүлгөн майда чаң, өтө майда кыпын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайып алам дегенсип, / Сапырылтып тозоңду, / Адам карап туралгыс, / Кокүн деген ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Койнунда бутун чакырып, / Найзасы тийсе кара таш, / Кумдай болуп чачылып, / Аркасында тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ктан болуп көөнү ток, / Байрагын булгап бакырып, / Бар жолдошун чакырып, / “Качырып барып тийгиле, / Ак-карасын көңүлүн, / Саламаттан билейин” / Деп сапырылтып тозоңун, / Желегин жерге жапырып, / Катуу кирди каарданып, / Бар кайратын бойго алып, / Бөйөн менен чайандай, / Уусун чачып заарданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эзген курут кошкон май, / Ажыкең ичти даамын жай, / Ажыкең чыкса талаага, / Көрүндү көзгө Тараша, / Чубаган жылкы андан көп, / Чаң уйулгуп дүркүрөп, / Бурулуп тозоң сүрдүгөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мингени тулпар Телкүрөң, / Кош кулагын жапырып, / Араандай оозу ачылып, / Аркадан чыккан тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Төрт туйагы тийген жер, / Жер очоктой казылып, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Опсуз күлүк Телкүрөң, / Жүгүрөр чагы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →