тозок
- дин. Өлгөн адамдардын, күнөөлүүлөрүнүн жаны түбөлүк кыйноого алынуучу жай.
- өт. Кыйноо, азап, кыйынчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Чигитей эп сүйлөйт, / Тозогун тартып Торгойдун, / Туйунар бекен, деп сүйлөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтумуштун жагынан, / Бир атчан чыкты акырып, / Айтумуштап чакырып, / Дегеле катуу келатат, / Тозогун көккө сапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бейиш жакшы жай экен, / Ал бейиштин ичинде, / Мусулман адам бар экен; / Тозок жаман жай экен, / Көрүнгөн ал тозокту, / Түгөл капыр бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Пайгамбар ак диним ак, / Бейжинде калган алтын так, / Мелтиреген тозоктон, / Бойуңду азат кылам деп, / Качып келген ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →