тогуз

китептерде 391 жолу, 10 китепте
  1. 9 саны, эсеби.
  2. тар. Калыңга, байгеге же айыпка берилүүчү тогуз мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →