тогоо1

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Шакек түрүндөгү темир алкак, төңөлүк, чагарак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артайыл, тогоо алтындан, / Сарамжалы артылган, / Ээр-токумдун жанында, / Бара албай киши тартынган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ноктосу жибек кенептен, / Кармап турган немедей, / Эп келтирип ченеткен, / Жүгөнү бугу кайыштан, / Өрмө көгү жүз бештен, / Көкүлүн көзгө кертирген, / Көкүлдүгүн келтирген, / Эркек жагы ургаачы, / Учуна тогоо тактырган, / Ичине темир кошпогон, / Уйуткан сары алтындан, / Жагоолору сап алтын, / Жалтылдаган сары алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →