того

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Экинчи бир нерсенин эсебине чегерүү, ошого туура келет, теңдешет деп эсептөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каарданып Калыбек, / Качырып найза урганы, / (Тоо да болсо бул сапар, / Томкоро сайып жыкмакчы) / Ошончо урган найзаны, / Тоготпой Кенен турганы, / Калыбек катуу арданды, / Жаны ачып карарды, / Жан алуучу заар салды, / Качырып келип көкжалга, / Калыбек найза муштады, / Тоготпой турган Кене… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Агыш менен Керкөкүл, / Кудалап жүргөн катынын, / Калча менен калмактан, / Олжолодум дегенсип, / Көрүп турдук алганын, / Ал буларды тоготуп, / Жакшы кепке келдиби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көзүң көрүп сен турдуң, / Көп күчүмдү жумшадым, / Кутургур койду тоготпой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арам өлгөн Кутургур, / Кезегин берип турганы, / Чымырканып Куйалы, / Келип найза урганы, / Тоготуп койбойт Сарыбай, / Салмагынан найзанын, / Мүдүрүп сур ат оңолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак жыландай толгонот, / Сомбилек баатыр ойлонот: / “Аламан кыргын чуу болсо, / Аралаштым мен болсо, / Тоготпой жүрө берейин, / Тосуп келсин эр болсо”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →