тир1

китептерде 27 жолу, 9 китепте
  1. Бута коюп атууга ылайыктап жасалган жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Нурфануну бул жерден, / Тиргизе албайм мен барып, / Жердигине койгула, / Кечиктирбей тез барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап турат коросон, / Жүрүп кетти Кененим, / Коросондун элдери, / Колунан жумуш келгени, / Калбай өлгөн эмеспи, / Артынан барган бир жан жок, / Баш көтөргөн тир жан жок, / Акыл табар киши жок, / Аны менен иши жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Келинимди таап, баламды тиргизип бергин, – деп боздотуп кыйнай баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →