тип1

китептерде 13 жолу, 6 китепте тип 2 →
  1. Нерселердин, кубулуштардын белгилүү тобуна туура келген үлгү, модель же форманын бир түрү.
  2. адаб. Адамдардын айрым-айрым тобуна мүнөздүү болгон белгилерди жалпылап көрсөтүүчү көркөм образ.
  3. сүйл. Өзүнүн мүнөзү, жүрүш-турушу менен башкалардан өзгөчө болуп турган адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рдеңдеп, / Муруттары сербеңдеп, / Сакалдары эрбеңдеп, / Кармаймын деп кол сермеп, / Буурулду кармап алам деп, / Арыш таштап дардаңдап, / Колу-буту тарбаңдап, / Типтик башы соксойуп, / Орто тоого окшонуп, / Опсуз кирди Кызыл алп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыйырмаң көктү карагын, / Типтик учуп жылдыздап, / Асманга эргий бербесин, / Жыйырмаң жерди карагын, / Боору чөптү сыдырып, / Жер менен учуп кетпесин, / Алмамбет, Чубак жанаша, / Алмамбет анда кеп айтат: / — Курдашым Чубак бери кара, / Кудай урган куу өрдөк, / Айбандан чыккан чоң балаа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулагын типтик көтөрүп, / Куйругун жерге чубалтып, / Казандай соору көмөрүп, / Карыскандай бели түйүлүп, / Жал куйругу шүйүлүп, / Кыз, келиндин барысы, / Жалдырап жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Качырды типтик баатырды, / Карап бенде туралгыс, / Ал кезекте капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жашы кырк чамасында, жүзү жарык, бою типтик токтоо бир катыны бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →