тинт
- Бир нерсе издеп аңтаруу, кароо, оодаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүнбөдү тирүү жан, / Тинтип карап сарайды, / Табалбады эч бир жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дүнүйө деген эл кызык, / Тамак ичип дем албай, / Элдин баары чабышып, / Атым өлөт дебестен, / Баш-аламан жарышып, / Тегеректеп токойду, / Деги ууну жайышып, / Түнөрүп жаткан токойду, / Тинтип бенде кирбеген, / Деги эмне бар экен, / Бул токойдо билбеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башындагы чачынан, / Таманынан батекти, / Такыр тинтип карады, / Керимбайдын көзүнчө, / Суучулун кошуп өзүнүн, / Беш шордууну кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чиркей токойду кыдырып, бутак, бадалдарды койбой тинтип, дыңылдап аюунун артынан түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →