тим
- Тынч, жөн, добушсуз, жымжырт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биз жүрөбүз кеп кылбай, / Көкөтөйдүн ашында, / Абал мурун башында, / Ашка келип тим кетпей, / Айдап кеттиң алашты, / Көзүңө илбей Манасты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өзүң тапкан өлүмгө, / Болуптур экен тим койсом, / Эл аманын билиптир, / Эр Алмамбет күлүптүр, / Журт аманын билиптир, / Султан Алмаң күлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тим кой, бара берсин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →