тилек
- Каалоо, өтүнүч, максат.
- Көздөгөн максат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…и Алмамбет сойсун, деп, / Кырк чоросу Манастын, / Боорун кактап койсун, деп, / Боорун кактап жебесе, / Ичин жарып өт алып, / Көзүн чукуп койсун, деп, / Тигилип тилек кылышып, / Тизмектелген доңуздан, / Бир миңдейин кырышты, / Өзүнчө “намаз” окунду, / Кеңдемеде буткана, / Жүз миң киши чокунду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Аларда мындан бөлөк тилек жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →