тиле

китептерде 74 жолу, 10 китепте
  1. Каалоо, тилек кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элине тилеп амандык, / Дабытай айтты ар кандай, / Ачакан менен Кесилет, / Башкача акыл айталбай, / Таң атырды кеп менен, / Чырым уйку алалбай, / Кыргыздардын Саламат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Же жабыла көчүп чуркурап, / Жамандыкты тилейби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл меньшевик менен казак орустун жеңгенин тилеп отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →