тик3

китептерде 236 жолу, 10 китепте тик 1 →тик 2 →
  1. Кийим же башка нерселерди даярдоо үчүн кездемеге же башка материалдарга тигиш түшүрүү, кийимди же башка нерселерди тигилген, даярдалган абалга жеткирүү.
  2. Боз үйдү, чатырды көтөрүү, орнотуу, куруу.
  3. Көчөт отургузуу, уругун, тукумун жерге көмүү (мис. картошканын, ашкабактын, дарбыздын).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өмүр жандын Кызылкыз, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Би… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чоң майданда беттешип, / Ортого күлүк ат сүрүп, / Маңдайлашып баратса, / Кандай жан тиктейт аларга?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
улукка үй тиктирбеген, айтор ушундай-ушундай эле немелер болсо керек,— деп жооп берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →