тикий2
- Тик турган абалда болуу, тикчийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карап турса тикийип, / Күнбөзүнөн Манастын, / Айланганы көрүнгөн, / Андан кийин көргөн жок, / Атайлап барып карашып, / Аттын изин тапкан жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Күн кечкирип аңгыча / Колдор түштү жайына, / Кароолду мыктап койушту, / Каадасы менен конушту, / Кайгуулчулар уктабай, / Чычканга кебек алдырбай, / Карап турду тикийип, / Чыканак жерге койо албай, / Таң агарып дагы атты, / Түн бойунча тура албай, / Баң доолун уруп эки кол, / Бастырып чыкты колбушуп, / Жердин бетин көрсөтпөй, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эшиктен кире берген жерден, төргө, үстөлдүн үстүндө мурутун чычайтып, сурданып, бир кагазды тикийип тиктеп отурган приставды көрдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Орто бойлуу, тикийген сары муруту бар, кабагы бийик, көзү жаман, ырайымсыз бир ченден чыккан митаамдын сыягы.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →